четверг, 19 июня 2014 г.

РОМАНТИКАЛЫК СҮЙҮҮ ТҮШҮНҮГҮ

Адамдардын арасында кээ бирөөлөр Аллахтан башка нерселерди (Аллахка) тең (шерик) кылып алышат (жана) аларды Аллахты сүйгөндөй сүйүшөт. Ыймандуу адамдар болсо Аллахты көбүрөөк сүйүшөт. Ал зулумдук кылгандар азапка жолугаар күнү сөзсүз бүт күч-кудуреттин толугу менен Аллахтыкы экенин жана Аллах берген азаптын чынында күчтүү (оор) экенин бир билишсе эле. (Бакара Сүрөсү, 165)

Романтикалык сүйүү түшүнүгүнөн сөз кылуудан мурда, ыймандуулардын чыныгы сүйүү түшүнүгүн эске сала кетели. Ыймандуу, акылман бир адам бүт жүрөгү менен сүйүп, жакындап, байлануу керек болгон Заттын Аллах экенин билет. Себеби аны жоктон жаратып, денесин, акылын, аң-сезимин, ыйманын жана колундагылардын баарын ага Ал берген. Бүт муктаждыктарын канааттандырган жана канааттандырууда. Ал үчүн бул дүйнөдө сансыз жакшылыктарды жараткан. Ошондой эле, ага ыйман кылып, моюн сунса, аны дүйнөдө да, акыретте да өтө көп жана түбөлүк жакшылыктар менен, Өзүнөн бир сүйүү жана ыраазылык менен сүйүнчүлөөдө. Булардын баарын Өзүнүн мээрими жана берешендиги менен гана, эч акысыз берүүдө. Демек, чыныгы мааниде эң көп сүйүүлүүгө жана жакындык сезилүүгө ылайыктуу – бир гана Аллах. Аллах ыймандууларды «Жана бир гана Раббиңе жалбар» аяты аркылуу эскертүүдө. (Инширах Сүрөсү, 8)
Адамдарга болгон сүйүү да Аллах сүйүүсүнөн келип чыгат. Аллахты сүйгөн адам Аллахка моюн сунган кулдарга да бир боорукердик сезет. Бул болсо Аллахтын ал адамдардагы көрүнүштөрүнө болгон чыныгы сүйүүнү пайда кылат.
Сүйүүнүн пайда болушундагы себептердин бири – бул жакшы көрүлгөн адамдагы бийик жана жакшы сыпаттарга болгон кызыгуу жана суктануу. Бул кызыгуу жана суктануу эки тараптуу болгондо, ортодогу мамиле күчтүү бир сүйүү мамилесине айланат. Бирок бул жерде негизгиси бийиктик менен сулуулуктун чыныгы ээсин табуу жана жакындык, сүйүү, суктануу сезимдерин Ага багыттоо керек. Ал болсо – бүт сулуулуктардын, бийик жана улуу сыпаттардын булагы, ээси Аллах. Анын жараткандарына тиешелүүдөй көрүнгөн бийик касиеттер болсо – Аллахтын чексиз сыпаттарынын өтө кичинекей бир чагылуусу гана, жана чындыгында Аллахка тиешелүү. Убактылуу гана Аллахтын кулдарында чагылууда, б.а. көрүнүүдө.
Ошондуктан сүйүү Аллахтын затына гана болушу керек. Анын чагылыштарына болгон сүйүү болсо Аллах жүрөктөн жана эстен чыгарылбастан, Ал үчүн гана болушу мүмкүн. Адамдын бирөөнү же бир буюмду Аллахтан көз-карандысыз, өзүнчө бир нерседей көрүп, аны Аллахты сүйгөндөй сүйүшү болсо Аллахка шерик (ширк) кошкондугунун эң даана белгилеринин бири болот.
Туура эмес жакшы көрүү натыйжасында ширк кошуунун эл арасында ар кандай түрлөрү бар. Атасын ширк кошуу, баласын ширк кошуу, аялын, күйөөсүн, үй-бүлөсүн, аталарын, башчыларын ширк кошуу булардын негизгилери. Баарынын тамырында туура эмес бир сүйүү турат.
Бир аятта мушриктердин (Аллахка шерик кошкондордун) Аллахты унутуп, башка идолдорду (путтарды) жакшы көрүп, кудай тутунуп алганы төмөнкүчө кабар берилет:

Ибрахим айтты: «Силер чындыгында Аллахты таштап, дүйнө жашоосунда араңарда бир сүйүү байланышы катары идолдорду кудайлар кылып алдыңар. Кийин кыямат күнү бириңер бириңерден баш тартып, тааныбай каласыңар жана бири-бириңерге каргыш айтасыңар. Силердин жашай турган жериңер от жана эч кандай жардамчыңар жок.» (Анкебут Сүрөсү, 25)

Акыретте бул сүйүүнүн жек көрүүгө жана бир-биринен баш тартууга айланаары да Куранда бизге билдирилет. Мунун себеби, өз ара сүйүү байланышы түзүп, бир-бирин кудай (идол) кылып алгандар акыретте бир-биринин түбөлүк азабына себеп болушат. Бир гана Аллахты кудай тутунган бир адамдын башка бир нерсени, башка бирөөнү Аллахчалык же Андан да көбүрөөк сүйүшү мүмкүн эмес. Мушриктердин буга карама-каршы келген мамилеси болсо аятта төмөнкүчө сүрөттөлөт:

Адамдардын арасында кээ бирөөлөр Аллахтан башка нерселерди (Аллахка) тең (шерик) кылып алышат (жана) аларды Аллахты сүйгөндөй сүйүшөт. Ыймандуу адамдар болсо Аллахты көбүрөөк сүйүшөт. Ал зулумдук кылгандар азапка жолугаар күнү сөзсүз бүт күч-кудуреттин толугу менен Аллахтыкы экенин жана Аллах берген азаптын чынында күчтүү (оор) экенин бир билишсе эле. (Бакара Сүрөсү, 165)

Аятта ыймандуулардын эң көп Аллахты сүйөөрү белгиленген. Демек, Аллахтан башкаларга болгон сүйүүсү жүрөгүндө күчтүүрөөк болгон бир адам «мен ыймандууларданмын» дей албайт. Ошондой болуп туруп «ыймандуумун» деген бир адам же жалган айтып жаткан болот же Аллахты жана динди толук тааныбаган болот. Ансыз да аяттын акыркы сүйлөмүнөн шерик кошкондордун Аллах жөнүндө толук маалыматы жок экени жана туура эмес түшүнүктө экени көрүнүп турат.
Мындай адамдар Аллахты жакшылап тааный албагандыктан (Зүмер Сүрөсү, 64-65) сүйүү сезимин өз напсилерине (өздөрүнө) же башка адамдарга багытташат. Алар атасы, балдары, бир туугандары, аялы, күйөөсү, сүйгөнү, өрнөк алган кишилери, суктанган кишилери сыяктуу ар кандай адам болушу мүмкүн. Кээ бирлерде сүйүү адамдардан тышкары, жансыз нерселерге, ал тургай, абстракттуу түшүнүктөргө да бурулушу ыктымал. Акча, байлык, үй, машина, кандайдыр бир буюм, кызматтык даража, бийлик сыяктуу түшүнүктөр идолдоштурулат. Кыскасы, ыйман менен туура нукка салынбаган сүйүү ширк кошууга алып келет. Бул сүйүү акылдуу болбогону, б.а. Аллахка багытталбаганы үчүн, романтикалык бир сүйүү. Аллах Куранда мындай берилген бир сүйүүнүн адамдарга пайда алып келбешин, чыныгы сыйлыктын Аллах Кабатында экенин билдирген:

Аялдарга, балдарга, сандык сандык жыйылган алтын жана күмүшкө, күлүк көркөм аттарга, айбанаттарга жана түшүмдөргө болгон бекем (күчтүү) арзуу адамдарга «кооз жана өзүнө тартуучу» көрсөтүлдү. Булар – дүйнө жашоосунун жалган кооздуктары. Чыныгы барыла турган сонун жер – Аллахтын кабатындагы (мекен). (Али Имран Сүрөсү, 14)

Туурасы – булардын баарын Аллах жараткан нерселер катары сүйүп, аларды Аллах берген бир жакшылыктар катары караш керек. Өзгөчө адамдарды сүйүү Аллах жараткан сонун бир сезим. Аллах Куранда адамды «эң сулуу келбетте» жаратканын билдирген. Ошондуктан Аллахка моюн сунган, жакшы мүнөздүү адамдарды татыктуу деңгээлде чын жүрөктөн сүйүү да жакшы адеп-ахлактын бир талабы. Ыймандуунун мындай чыныгы сүйүүсү – динден алыс жашаган элдердеги эч бир сүйүүгө салыштырылгыс, өтө улуу, терең бир сезим.
Алдыда Аллах бир жакшылык катары адамга берген бул улуу сезимди билбеген адамдардан сөз кылып, сүйүү аркылуу болгон ширк моделинин эң көп кездешкен түрү болгон аял-эркек мамилелерине өзгөчө токтолобуз.

Аял-эркек мамилелериндеги ширк сүйүү

Аял-эркек мамилелеринде Аллах ыраазылыгына туура келбеген жакындыктар адамдарды ширкке салган эң негизги жагдайлардын бири. Булар үйлөнүү же коомдо барган сайын көбөйүп бараткан никесиз мамилелер формасында болушу мүмкүн.
Мындай романтикалык сүйүү түшүнүгүндө Аллахтын алдындагы бүт милдеттерин бир-бирине жасаган, бир-бирин Аллахтан көз-карандысыз, эркин жандыктар катары көргөн, Аллахка сезиши керек болгон сезимдерди бир-бирине сезген «сүйүшкөндөр» пайда болот. Мындай адамдар Аллахты эстөөнүн (зикир кылуунун) ордуна, дайыма бир-бирин эстешет. Эрте менен көздөрүн ачканда аларды жараткан жана аларга жаңы бир күн берген Аллахты эстеп Ага шүгүр кылуунун ордуна, бир-бирин ойлоп, бир-бирин кыялданышат. Өздөрүн Аллахка жакшы көрсөтүүгө эмес, бир-бирине жакшы көрсөтүп, жагынууга аракет кылышат. Аллах жана Анын дини үчүн жан аябастык кылбай, бир-бири үчүн ар кандай жан аябастыктарды жасашат.
Кыскасы, мындай адамдар бир-бирин кудай кылып алышат. Дүйнөдө өтө кеңири тараган мындай туура эмес сүйүү түшүнүгүнүн мисалдарын караганда, романтик эркектер менен аялдардын бир-бирине апачык «сага сыйынам» деген сыяктуу сөздөрдү айтаарын көрө алабыз. Ошондой эле, романтик сүйүшкөндөрдүн бир-бирине айткан сөздөрүндө, жазган ырларында «кайсы тарапты карасам сени көрөм, каякка барсам да сени ойлойм» сыяктуу сөздөр орун алат. Чындыгында болсо кайсы тарапты карасак жана кайсы жакка барсак да, ойлошубуз керек болгон жалгыз зат – бул ааламдардын Рабби Аллах.
Көрүнүп тургандай, эл арасында күнөөсүз, ал тургай, кадыресе бир сүйүү түрүндөй кабыл алынган романтикалык сүйүү – чындыгында Аллах Кабатында каргыш алган «ширк кошуунун» бир бөлүгү. Бирок «чындыктарды тескери көрсөткөн шайтан» бул түшүнүктөрдү да бурмалап, адамдарга кооз көрсөтүүдө жана адамдардын көпчүлүгү шайтан көрсөткөн жолго түшүшүүдө:

Аллахка ант болсун, сенден мурдакы үммөттөргө да (элчилер) жөнөттүк, бирок шайтан аларга кылгандарын кооз көрсөттү; эми бүгүн алардын велиси (досу) ошол жана алар үчүн оор бир азап бар. (Нахл Сүрөсү, 63)

... Алардын кылгандарын шайтан кооздоп-жагымдуу көрсөттү, ошентип аларды жолдон адаштырды. Бирок алар көрө алышмак. (Анкебут Сүрөсү, 38)

Куранда мындай романтикалык мамилелерде аялдарга болгон берилген сүйүүгө өзгөчө көңүл бурулат. Ал аял ал кишинин жубайы, сүйгөнү, ал тургай, алыстан «платоникалык» жактырган кандайдыр бир аял да болушу мүмкүн. Эгер бул Аллахты унуттурган, Аллахты жакшылап эстөөгө жолтоо болгон, Аллах сүйүүсүнө алмаштырылган, жүрөктөн Аллах сүйүүсүн чыгарып анын ордуна коюлган бир сүйүү болсо, анда кишини түздөн-түз ширкке түртөт. Албетте, бул коркунуч бир эле эркектерге эмес, аялдарга да тиешелүү.
Романтикалык аял-эркек мамилесин болушунча тереңдеткен адамдар көбүнчө бул чындыктарды билишпейт. Өздөрүн өз колдору менен салган коркунучту сезишпейт. Себеби көпчүлүгү бала кезинен бери айланасынан алган тарбиясы жана туура жолду көрсөтө турган жалгыз жол башчы Курандан кабарсыз болушу натыйжасында кылгандарынын Аллах Кабатында бир күнөө экенин билишпейт. Аллахтын дининен алыс жашашканы үчүн, жогоруда да айтылгандай, чоң бир саздактын ичинде болуп туруп, өздөрүн туура жолдомун деп ойлошот. Жалгыз Аллахка ыйман кылбаганы үчүн акыл жана түшүнүктөрү сокур болуп калган.
Акылсыздык коштогон мындай ширк сүйүү бир-бирин кудай тутунган аял менен эркектерди кээде өтө чоң балээлерге түртөт. Мисалы, бир-бирине ашык болгон эки жаштын чогуу өзүн-өзү өлтүрүүдөн ырахат ала турган даражада акылдары тосулуп калышы мүмкүн. Дүйнө шарттары чогуу болушуна жол бербеген эки жаш сүйүүлөрүн өз ойлорунда «түбөлүк кылуу», «рухтары түбөлүккө чейин бирге болушу» сыяктуу логикасыз жана чындыкка сыйбас ойлор менен кол кармашып бир көпүрөдөн секирип кетишет. Бирок чындыгында өздөрүн ушундайча тозок чуңкуруна таштап жатканын сезишпейт. Арам (күнөө) бир ишти эч ойлонбостон жасап, өлгөндө Аллахка жолугаарына эмес, бир-бирине жолугаарына ишенишүүдө. Аягында өлүм периштелерин көргөндө муну түшүнүшөт, бирок эми кеч болуп калат. Гезиттерден үмүтсүз сүйүүдөн улам өзүн-өзү өлтүрүүлөр, жазып калтырган каттар жөнүндө кабарларды көрүүгө болот. Булар романтизмдин адамдардын акылын жана аң-сезимин канчалык жаап койоорунун конкреттүү мисалдары.
Бирок, бул дүйнөдө романтизм себебинен өтө берилип ашык болуп, кудай тутунган жубайын киши акыретте өзүн куткаруу үчүн садака кылып берүүгө аракет кылат. Себеби көзүндөгү парда ачылып, ага убада кылынган азаптын чындык экенин түшүнөт. Аяттарда мындай адамдардын акыреттеги мамилеси төмөнкүчө сүрөттөлөт:

Алар бир-бирине көрсөтүлүшөт. Бир кылмышкер-күнөөкөр ал күндүн азабынан кутулуу үчүн балдарын садака чапкысы келет; өз жубайын жана бир тууганын, жана аны баккан тууган-уругун да; жер бетиндегилердин баарын (берип), кутулгусу келет. (Меариж Сүрөсү, 11-14)

Башка бир аятта болсо бул абал мындайча сүрөттөлөт:

Ал күнү киши өзүнүн бир тууганынан качып калат. Апасы менен атасынан дагы, жубайы (аялы-күйөөсү) жана балдарынан дагы. Ал күнү ар бир адамдын өзүнө жете турган иши бар. (Абаса Сүрөсү, 34-37)


Ширкке таянган романтикалык сүйүү түшүнүгү эл арасында «ашыктык», «романтизм», «таза жана тунук сезимдер» деп күнөөсүз көрсөтүлөт, ал тургай, бийик тутулуп, макталат. Өзгөчө өспүрүм жаштагы адамдарды таасири астына алган мындай романтизм пропагандасы акыл менен аң-сезимдин өрчүшүнө жолтоо болгону үчүн, динден, ыймандан, жаратылуу максатынан кабарсыз, Аллахты унуткан, Аллах сүйүүсүн, Аллах коркуусун билбеген, ширкти (Аллахка шерик кошууну) кадыресе көрүнүшкө, бир жашоо формасына айланткан, жолдон адашкан урпактар келип чыгууда.
Телевизорлордо жана тасмаларда романтизм жана сезимтал нерселер адамдарга массалык түрдө сиңирилет. Сезимталдык адамдын табигый муктаждыгы катары көрсөтүлөт. Романтизм ырларда, ыр саптарында, китептерде эң алдыңкы планга коюлган бир тема. Шайтан сезимталдыктын адамдардын акыл жүгүртүшүнө, чындыктарды көрүшүнө, Аллахты эстешине, жаратылуу максатын жана акыретти ойлошуна жолтоо боло турган, аларды дин менен жашоодон алыстаткан, ширкке сүңгүткөн бир илдет экенин өтө жакшы билет. Ошондуктан бүт тармактагы аскерлерин сезимталдык пропагандасын өтө күчтүү жасоого багыттайт.
Ушул себептен ширк кошууну таштан, жыгачтан жасалган идолдорго сажда кылуу гана деп түшүнгөндөр бул дүйнөдө өздөрүн күнөөсүз көрүп, акыретте болсо «Раббибиз Аллахка ант болсун, биз мушриктерден (Аллахка шерик кошкондордон) эмес элек» (Энъам Сүрөсү, 22) дегендерден болуп калуудан өтө этият болуулары зарыл.

Ыймандуулардын сүйүүсү

Кыскасы, сүйүү сезиминин Аллахтан башкага, Анын жараткандарына багытталышы ширкти пайда кылуучу маанилүү бир себеп. Ыймандуулар болсо, жогоруда да айтылгандай, бир гана Аллахты сүйүшөт, жана башка ыймандуулар менен Аллахтын жараткандарын болсо аларда Аллахтын чагылыштарын, Аллахтын сыпаттарын көргөнү үчүн, Аллах үчүн сүйүшөт. Аллахтан көз-карандысыз, өзүнчө бир заттардай көрүп сүйүшпөйт. Бул болсо чын ыкластуу ыймандын шарты жана көрсөткүчү.
Ыймандуунун сүйүүсү – тунук, нурдуу, жүрөккө жылуулук берүүчү бир сүйүү. Себеби сүйүүсү Аллахка арналган болот. Ошондуктан дүйнөдө Аллахтын чагылыштарын алып жүргөнү үчүн сүйгөн бир адамы же бир жандык өлгөндө же жакшы көргөн буюму жоголгондо, анын колунан алынганда ыймандуу кайгырбайт, ажырап калуунун кайгысын тартпайт. Себеби жакшы көргөн кишисиндеги же буюмундагы материалдык, руханий бүт сулуулуктардын, чагылуулардын чыныгы ээси – Аллах. Аллах түбөлүктүү жана башы-аягы жок. Эң негизгиси адамга күрөө тамырынан да жакыныраак. Аллах аны сыноо үчүн гана убактылуу кээ бир чагылыштарын кайра алган болот. Ыйманын жана мындай түшүнүгүн улантса, кааласа бул дүйнөдө, кааласа акыретте түбөлүккө ага өтө көп, өтө сонун сыпаттары менен көрүнөт. Мына ушул сырды түшүнүп, кошумчасыз чыныгы ыйманга жеткени үчүн ыймандууга кайгы жана азап бере турган эч бир жагдай болбойт. Аллах ыймандуунун мындай руханий абалын төмөнкүчө сүрөттөйт:


Күмөнсүз: «Биздин Раббибиз – Аллах» деп, анан туура жолдо жүргөндөр (бар эмеспи); эми алар үчүн коркуу жана кайгы-капа да жок. (Ахкаф Сүрөсү, 13)

Комментарии: 0:

Отправить комментарий

Подпишитесь на каналы Комментарии к сообщению [Atom]

<< Главная страница